Курбан айт намазы жума намазы окулуп жүргөн мечиттерде окулду.
Баткен шаарындагы борбордук мечитте айт намазы окулуп, айт намазы башталганга чейин Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров тарабынан түрдүү баяндар айтылды.
Курман айт намазына Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 1-орун басары М. Тулаев, Баткен шаарынын мэри И. Буканов, Баткен районунун акими У. Жоробаевдер жана мекеме-ишканалардын жетекчилери жана Баткен шаарынын, райондун тургундары, коноктору катышты.
Бүгүнкү айт майрамында жетекчилер жалпы момун мусулмандарды Курбан айт майрамы менен куттуктап, элибизге тынчтык, ырыс-ынтымак, бакубат жашоо каалашты.