Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаев Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Зарташ айылынын тургундары менен жолугушту.
Жыйынга тийиштүү жетекчилер, айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл тургундары, аксакалдар катышты.
Өткөрүлгөн жыйындын жүрүшүндө район жетекчилерине эл тарабынан көйгөйлүү маселелер айтылып, район акими У. Жоробаев тийешелүү жетекчилерге маселелерди убагында чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Ал эми кээ бир маселелерди жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Ошондой эле жыйында элдер тарабынан турак жай, сел өтүүчү тосмолор, жол, жайыт, таза суу, сугат суу, пособие жана башка ушул сыяктуу маселелер көтөрүлүп, тийиштүү жетекчилер жооп беришти.
Жыйындын жүрүшүндө район акими Учкунбек Жоробаев райондун аймагында жүрүп жаткан иштер туурасында айтып, өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформалар, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун көйгөйлүү маселелерди чечкен жарлыктары, президент тарабынан аткарылып жаткан иштери жана чечимдери туурасында кенен маалымат берип, айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Ошондой эле Зарташ айылынын тургундарынын суранычын ордунда карап тиешелүү чараларды көрүү боюнча тапшырмаларды койуп, тийиштүү чечимдерди кабыл алды.
Андан сырткары, айыл тургундарына бир жолку берилүүчү жер тилкесин алуу жана материалдык жардам көрсөтүүнүн тартиби боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек ушул жылдын июнь айына чейин Баткен районунун мамлекеттик администрациясына 114 арыз келип, арыздын эң басымдуу бөлүгү болуп, материалдык жактан жардам берүү, турак-жай маселеси, жер мунапысы маселеси боюнча кайрылышкан.
Жыйындын жүрүшүндө район акими Учкунбек Жоробаев, Кадастр Мамлекеттик мекемесинин Баткен аймактык филиалынын өкүлдөрү жана тийиштүү жетекчилер менен биргеликте Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Зарташ айылынын тургундарынын жарандарга бир жолку берилүүчү жер тилкесине болгон жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик актысын тапшырды.
Белгилей кетсек Кыргыз Республикасынын “Жер-укуктук мамилелерин жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майында № 291 «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык, Баткен районуна жалпы 2113 арыз түшкөн. Анын ичинен Төрт-Гүл айыл өкмөтү боюнча комиссия мүчөлөрүнүн чечими менен 158 жаранга чечим чыгып, 115 жарандын Мамлекеттик актылары тапшырылды.
Калган жарандардын тийешелүү документтери жергиликтүү деңгээлде комиссия мүчөлөрү менен биргеликте каралып жатат.
Буга чейин Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын алдында “Жер мунапысын турмушка ашыруу боюнча” түзүлгөн комиссия мүчөлөрү жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө комиссия мүчөлөрү райондун аймагындагы бардык айыл өкмөттөрүндө талаа шартында иштеп, кабыл алынган арыздар боюнча жетишпеген иш кагаздарын толуктоо менен, ар бир арыз жазган жарандын объектисин жеринде көрүп, тийиштүү иш кагаздарды толуктоо жагы жана мыйзамсыз курулуштар туурасындагы түшүндүрүү иштери райондук комиссия тарабынан жүргүзүлүп келген.
Райондук комиссиянын чечими менен Төрт-Гүл айыл өкмөтү боюнча 158 жаранга чечим чыгып, мамлекеттик актылары тапшырылды.
Бүгүнкү күндө да райондун аймагындагы айыл өкмөттөрүндө жер мунапысын турмушка ашыруу, мыйзамсыз курулуштарды жеринде көрүү, түшүндүрүү иштери район акиминин көзөмөлүндө комиссия тарабынан жүргүзүлүп жатат.
Айтсак Мамлекет башчысы Садыр Жапаров «Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» мыйзамга кол койгон.
Аталган мыйзамдын максаты — жер тилкелерине мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо.
Мыйзамда каралган жер мунапысынын объектилерине болгон жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча жер мунапысын жүргүзүүнү жөнгө салат.