Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Инсандын руханий-адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” жөнүндөгү ошондой эле Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаевдин тапшырмасынын негизинде Баткен районунун 90 жылдык мааракесине карата облустун аймагындагы элүү жаштан жогорку ардагерлер үчүн спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлдү.
Мелдеш Баткен райондук мамлекеттик администрациясы, Төрт-Гүл айыл өкмөтү жана Ак-Өтөк айылынын айыл башчысы А. Айтбаев тарабынан өткөрүлдү.
Мелдешке жалпы Баткен, Кадамжай жана Лейлек райондорунун ардагерлеринен турган 10 курама команда катышты.
Мелдеште район акими Учкунбек Жоробаев командаларга ийгилик, ден- соолук каалады.
Мелдеш кызуу башталып, жыйынтыгында, Баткен районунун ардагерлери 1-орунду, Кадамжай районунун ардагерлери 2-орунду, Лейлек районунун ардагерлери 3-орун, Кадамжай 2 командасынын ардагерлери 4-орунду камсыз кылышып, I, II, III даражадагы диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Мелдештин жалпы байге фонду 60 миң сом.
Өткөрүлгөн мелдештин негизги максаты сергек жашоо, ардагерлердин биримдигин чыңдоо болуп саналат.
Белгилей кетсек Баткен районунун 90 жылдык мааракесинин алкагында райондун бардык айыл өкмөттөрүнүн аймагында жана райондук мекеме ишканалардын арасында түрдүү иш чаралар өткөрүлүп келүүдө.