Ушул жылдын 10- май күнү Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ айылынын тургундары менен жолугушкан болчу. Анда айыл тургундары тарабынан түрдүү маселелер айтылып, алардын катарында Газ айылынын Селлик жерлигиндеги 1999-жылы Баткен окуясында курман болгон аскер кызматкерлеринин жаркын элесине арналып курулган эстелик мемориалын оңдоп-түзөөнү өтүнүшкөн болчу. Ошол эле күнү район акими Учкунбек Жоробаев эстелик мемориалына барып, айыл өкмөтүнүн башчысына эстелик мемориалын оңдоп-түзөөдөн өткөрүүнү тапшырган болчу.
Бүгүнкү күндө аталган эстелик мемориалы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Район акиминин 1-орун басары Таалайбек Ибраимов кабар алып келди.
Белгилей кетсек быйыл аталган коогалаңга 25 жыл болот. Аларды эскерүү иш чарасы быйыл ушул эстелик мемориалында өтүүсү күтүлүүдө.
