КРнын ӨКМнин атайын алдын алуу жана кесепетин жоюу иш чарасынын негизинде Баткен районунун Кыштут айыл аймагынын Согмент айылына 200 даана габион торчосу бөлүнүп, жерине чейин жеткирилди.
Бүгүн район акиминин 1-орун басары Таалайбек Ибраимов жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы Туратбек Турдуевдер жеринде барып көрүп, алгачкы габион орнотуу жумуштарын баштап беришти.
Ошондой эле сел өтүүчү сайдын жээгин бекемдөө жана нугун буруу үчүн атайын техникалар бөлүнүп берилген. Ал эми габион орнотуу жумуштары жергиликтүү эл тарабынан аткарылууда.
Габион орнотуу жумуштары аяктаса, жыйынтыгында турак үйлөр жана айыл чарба багытындагы жерлер селден, табигый кырсыктардан корголот.