Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылында заманбап балдар аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилди.
Ага Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев, 2022 Аскер бөлүгүнүн командири Бозулан Мамышов, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Сабировдор жана айыл тургундары, аксакалдар, коноктор катышты.
Салтанаттуу аземде, район акими У. Жоробаев айыл тургундарын жана мотурайган балдарды бүгүнкү жакшы саамалык менен куттуктап, “бөбөктөрдүн күлкүсү биздин сүйүнүч, албетте келечек ээлери болгон жаштарга шарт түзүү максатында, бардык аракеттерди жасайбыз”,- деп, балдарды сергек жашоого үндөгөн аянтчанын курулушуна салым кошкон жарандарга ыраазычылык билдирип, бир катар алдыңкыларды “Ыраазычылык кат” менен сыйлады.
Бул балдар аянтчасы “Чек ара аймактарындагы аялдардын лидерлигин бекемдөө” долбоорунун “Баарлашуу, ишеним, укук” Коомдук бирикмесинин жана жергиликтүү бюджеттин, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен курулуп, бүгүн салтанаттуу түрдө айыл тургундарына пайдаланууга берилди.
Белгилей кетсек, буга чейин Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылында заманбап балдар аянтчасы курулуп, пайдаланууга берилген.
Ушундай эле балдар аянтчасы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылында, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылында курулушу бүтүп пайдаланууга берүү алдында турат.