Баткен районунун Самаркандек айылынын тургуну Олим Нуриддиновдун турак жайы күтүлбөгөн кырсыктын кесепетинен өрттөн жабыркады. Үй ээсинин айтымында, өрт кырсыгы электр зымдарынын кыска туташуусунан улам келип чыккан.
Турак жайы алдын ала камсыздандырылгандыгына байланыштуу, жабыркаган кардарга белгиленген тартипте 68 326 (алтымыш сегиз миң үч жүз жыйырма алты) сом өлчөмүндө акчалай кенемте төлөнүп берилди.
Учурда үй ээси оңдоо иштерин баштап, турак жайын калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө. Өз убагында камсыздандыруудан өтүү материалдык чыгымдардын ордун толтурууга мүмкүндүк берип, турак жай ээсине олуттуу колдоо көрсөттү.
Белгилей кетсек, турак жайды камсыздандыруу — күтүлбөгөн кырсыктардан коргонуу жана үй-бүлөнүн коопсуздугун камсыздоонун ишенимдүү жолу болуп саналат.
Турак жайыңызды камсыздандырыңыз — камсыздандыруу сиздин тынч жашооңуздун кепилдиги!


