Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги коллегиялык жыйыны болуп өттү.
Жыйынга Баткен районунун акими, коллегия мүчөлөрү, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Коллегиялык жыйын жакшы саамалык менен башталып, 2025-жылдын жыйынтыгы менен райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон алдыңкы мекеме-ишканалар жана кызматкерлер Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазылык каттары менен сыйланышты. Ошондой эле Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын Укуктук жана документтик камсыздоо боюнча башкы адиси Шайыргүл Касымова Кыргыз республикасынын Жогорку кеңешинин ардак грамотасы менен сыйланды.
Андан соң күн тартибине ылайык бир катар маанилүү маселелер каралды. Атап айтканда, Баткен районунун 2025-жылдагы экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ошондой эле 2026-жылга коюлган негизги милдеттер талкууланды.
Мындан тышкары, Ак-Татыр, Алтын-Бешик, Кара-Бак айыл өкмөттөрүнүн, райондук суу чарба башкармалыгынын, КР ӨКМдин Баткен району боюнча бөлүмүнүн жана райондук билим берүү бөлүмүнүн 2025-жыл ичинде аткарган иштеринин жыйынтыктары боюнча маалыматтар угулду.
Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү жетекчилер тарабынан баяндамалар жасалып, ишмердүүлүктө орун алган кемчиликтер боюнча сын-пикирлер жана сунуштар айтылды.
Алдыдагы мезгилге коюлган милдеттер такталып, жооптуу жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.







