Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (БУУ ДАП) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү тарабынан 2023–2027-жылдарга карата Кыргыз Республикасы үчүн бекитилген беш жылдык Өлкөлүк стратегиялык планынын алкагында Баткен районунун аймагында 2025-жылы ишке ашырылган биргелешкен долбоорлордун жыйынтыктары чыгарылды.
Бүгүн Баткен районунда 2025-жылдагы аткарылган иштерди жыйынтыктоо жана 2026-жылы БУУ ДАПтын Өлкөлүк стратегиялык планын ишке ашырууну улантуу маселелери боюнча жыйын өткөрүлдү.
Иш-чарага Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Алимбек Матмуратов, БУУ ДАПтын өкүлдөрү, жергиликтүү бийлик органдарынын жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө калктын аярлуу катмарларын колдоого багытталган долбоорлордун аткарылышы, жетишилген натыйжалар жана алдыдагы пландар талкууланды.
Ошондой эле 2026-жылы Баткен районунун аймагында долбоорлорду калктын аярлуу катмарларынын активдүү катышуусу менен улантуу боюнча сунуш-пикирлер айтылды.
Жыйындын жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты мындан ары да чыңдап, БУУ ДАПтын Өлкөлүк стратегиялык планынын алкагында социалдык-экономикалык туруктуулукту жогорулатууга багытталган иш-чараларды улантуу зарылдыгын белгилешти.



