Баткен районунун “Чек” орто мектебинде мектеп окуучулары арасында спорттун волейбол түрү боюнча Баткен районунун биринчилиги өткөрүлдү.
Иш-чаранын негизги максаты — үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту болтурбоо, коррупцияга каршы күрөшүү, ошондой эле окуучулар арасында сергек жашоо образын калыптандыруу болуп саналат.
Мелдешке Баткен районундагы 7 айыл өкмөттөн келген командалар катышты.
Волейбол боюнча райондук биринчилик Баткен райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектеби жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан бекитилген жобого ылайык уюштурулуп, 5–7-класстар жана 8–9-класстар арасында өткөрүлдү.
Жалпысынан мелдешке 28 команда катышып, анын ичинен 14 балдар командасы жана 14 кыздар командасы күч сынашты.
Аталган иш-чарага Баткен районунун акиминин орун басары Ж. Сатыбалдиева катышып, окуучуларга кайрылуу жасап, аларды кылмыштуулуктан алыс болууга, спорт менен үзгүлтүксүз алектенүүгө жана сергек жашоону тандап алууга чакырды.



