Баткен районунда этникалык ынтымакты чыңдоо, кагылыштарды алдын алуу жана тынчтык куруу багытындагы иштерди координациялоо максатында Социалдык биримдик борборунун ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземине Баткен районунун акиминин орун басары Жумагүл Сатыбалдыева катышып, борбордун ишмердүүлүгү коомчулуктагы ынтымакты бекемдөөгө жана зомбулуктун алдын алууга багытталаарын, ошондой эле демилгелер колдоого алына тургандыгын белгиледи.
Жаңы ачылган борбор жергиликтүү бийлик органдары, коомдук уюмдар жана активдүү жарандар менен тыгыз кызматташып, аялдар менен жаштарды тынчтык куруу процесстерине тартууга, этникалык диалогду өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.
Социалдык биримдик — туруктуу тынчтыктын негизи!



