Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №3 сандуу “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгын турмушка ашыруу жана ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылында ишкерлик менен алектенген жеке ишкерлердин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып келди.
Бүгүнкү күндө, Бужум айылында түрдүү жеке ишкерлик жүргүзүп келген жарандардын саны жыл сайын көбөйүүдө.
Район акими У. Жоробаев тийиштүү жетекчилер менен биргеликте Бужум айылынын тургуну жеке ишкер Абдилаким Нуридиновдун ишкерлигин жеринде көрүп, “райондун азык-түлүк коопсуздугун үзгүлтүксүз камсыз кылууда жана органикалык сапаттуу продукцияны өндүрүп, район элин камсыз кылып турууда сиздердин жасап жаткан ак эмгегиңиздер баа жеткис. Мындай түйшүктүү мээнетиңиздердин акыбети кайтып, үзүрүн көрүүнү ар бириңиздер максат кыласыздар. Бул талашсыз чындык”,- деп жеке ишкердин аракеттерине ийгиликтерди каалады.
Учурда, ишкерде 80 ге жакын ири мүйүздүү бодо малдары бар. Күнүнө 7 тоннадан ашуун таза экологиялык эт өндүрүп, сатыкка чыгарат.
Мал багууга ыңгайлуу шарт түзүү максатында, ишкер айыл четинен мүмкүнчүлүккө жараша жер бөлүп берүүнү өтүндү. Район акими жеринде маселени чечүү максатында тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды койду.
Андан соң, У. Жоробаев жеке ишкер Саттар Бусурмановдун ишкерлиги менен таанышты. Ишкер тоок фермасы менен алектенет. Учурда фермада 10 миңден ашуун тоок бар. Орто эсеп менен күнүнө 9 миң даана жумуртка алынат.
Өндүрүлгөн продукция болсо Баткен районунун жана шаарынын аймагындагы базарларда, дүкөндөрдө сатыкка чыгарылат.
Район акими Учкунбек Жоробаев, ошол эле күнү жеке ишкер Асылкан Саматованын ишмердүүлүгүн жеринде көрдү. Мында, ун азыктарынан жасалган ар түрдүү таттуу токочтор, шириндиктер жасалып, сатыкка чыгарылат. Болжол менен бир айда 16 тоннага чейин ар түрдүү нан азыктарын чыгарып, элге кызмат көрсөтөт. Учурда 20 га жакын кыз-келиндер жумуш орду менен камсыз болушкан. Ошондой эле, Бужум айылындагы “Автогараж” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул жерде түрдүү автоунаалар сатылат жана алмашылат.
Бүгүнкү күндө, райондун экономикалык өнүгүүсүндө мал чарбасынын мааниси чоң.
Көбүрөөк киреше алуу жана бодо малдын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында малдын тукумун билүү, тандап алууну үйрөнүү, туура багып жана тоюттандыруунун эрежелерин сактоо абдан маанилүү.