Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты курууну каржылоо секторунун жетекчиси Брайан Джеймс Уильямс мырза Суу-Башы айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту.
Анда БУУнун жетекчиси Брайан Джеймс Уильямс мырза Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Кара-Токой айылында ачылган аялдардын физикалык жана психологиялык абалын чыңдоочу борбору менен таанышып, жергиликтүү демилгелүү аялдар менен баарлашты.
БУУнун Тынчтыкты куруу фондуна Баткен районунан беш айыл өкмөтү пилоттук аймак болуп киргизилип, тынчтыкты куруу багытында бир топ долбоорлор ишке ашырылып, аялдардын лидерлигин колдоо, алардын потенциалын чыңдоо багытында окутуулар, семинар тренингдер жүргүзүлгөн.
Район акими Учкунбек Жоробаев жана Брайан Джеймс Уильямс мырза Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында аткарылып жаткан долбоорлорду жеринде көрүп чыкты.
Алсак Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагында Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты курууну каржылоо сектору тарабынан 6 долбоор каралып, анын бирөөсү ишке ашырылып, калганы алдыда мерчемделген.
Район акими Учкунбек Жоробаев Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты курууну каржылоо секторунун жетекчиси Брайан Джеймс Уильямс мырза менен Баткен районунун аймагында аткарылып жаткан иштерди жана кызматташтыкты талкуулап, Баткен районунун элинин жана өзүнүн атынан ыраазылык билдирип, атайын “Ыраазычылык кат” тапшырды.
Белгилей кетсек Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтыкты курууну каржылоо сектору тарабынан Баткен районунун аймагында алтымышка жакын долбоорлор ишке ашырылып жатат.
Баткен району 2023-жылдын март айынан бери БУУнун Аялдар уюму, БУУнун Азык-түлүк программасы, менен тыгыз кызматташтыкта БУУнун Тынчтыкты куруу Фонду тарабынан каржыланган “Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн – Аялдар тынчтык тиреги” долбоорунун алкагында бир топ долбоорлорду ишке ашырып келе жатат.
Долбоордун алкагында бир нече жолу жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана аялдардын жарандык коомдук уюмдары менен чогуу ачык-айкын талкуулоо процесстери болуп өткөн.
Бул иш аракеттер эң башкы максат болгон-климаттык коопсуздукту камсыз кылуу, климаттын өзгөрүшүн алдын-алуу жана чыр-чатактардын алдын-алуу, алардын аярлуу топторго тийгизген таасирин азайтуу, алдын-алуу, тынчтыкты, ынтымакты бекемдөө жана коомдук биримдикти сактоого багытталган.