Баткен районун акими Учкунбек Жоробаев, “Алмалы Майнинг” жана “Архап Голд” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрү, тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери, Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчылары, аталган айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту.
Анда, айыл тургундарына “Алмалы Майнинг”, “Архап голд” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгү боюнча кенен маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган жоопкерчилиги чектелген коому Самаркандек жана Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы жалпы аянты 12996 гектарды түзгөн аянтта кен байлыктарды издөө, чалгындоо жумуштарын аткарат.
“Алмалы Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коому Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде катталган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын тийиштүү укуктук ченемдик актыларынын жана Кыргыз Республикасынын ратификацияланган Эл аралык укуктук ченемдик актыларынын негизинде өзүнүн ишмердүүлүгүн алып барат.
Жоопкерчилиги чектелген коому негизинен бул аймактарда баалуу металл кендерин чалгындоо жумуштарын жүргүзөт.
Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети тарабынан геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна (Лицензия) ээ болгон.
Учурда чалгындоого чейинки жумуштар жүрүп, айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.
Бүгүн, аталган айылда чалгындоого чейинки этабы туурасында район акиминин жана жогоруда аталган жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлдөрүнүн катышуусунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.
Эл менен болгон жолугушууда район акими Учкунбек Жоробаев чалгындоо иштетүүчү инвесторлорго шарт жана көмөк көрсөтүү, тоскоолдуктарды жаратпоо боюнча Президенттин атайын тапшырмасы бар экендигин белгилеп, “ички жана сырткы инвесторлорго тоскоолдук жаратпай, өлкөнүн анын ичинде райондун өнүгүшүнө салымыңыздарды кошосуздар, деп терең ишенем”, -деди.
Бөлүнгөн жер тилкеси айыл аймактын балансында турат. Аны ички жана тышкы инвесторлор пайдаланышат.
Район акими Учкунбек Жоробаев өз сөзүндө чалгындоо жумуштары башталып, кен казуу жумуштары ишке киргизилсе, жергиликтүү жарандар жумуш менен камсыз болуп, ошол эле учурда айылдын инфраструктурасы жогорулай турганын билдирди.
Айыл тургундары жана аксакалдар бул жаңылыкты кубануу менен кабыл алып, ар тараптуу пайдалуу болоорун билдиришип, район акимине ак баталарын беришти.
Белгилей кетсек, районубуздун аймагында ички жана тышкы инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп, ири долбоорлор ишке ашууда.