6-июнда ишкерлерди колдоо, алардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, көйгөйлүү маселелерин талкуулоо максатында, атайын жыйын болуп өттү.
Жыйынга Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаев, Баткен районунун өнүктүрүү фондунун башчысы Авазхан Чотбаев, райондун аймагындагы жеке ишкерлик жүргүзүп келген ишкерлер, тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери, банк өкүлдөрү катышты.
Жыйында, жеке ишкерлерге Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарынын аткарылышы боюнча, Кыргыз Республикасынын “Ишкерлердин укуктарын коргоо” жана “Ишкердик субьектерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамдары боюнча кеңири маалымат берилип, жеке ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, район акими жеке ишкерлерге Өзбек Республикасынын Фергана облусунун Риштон районуна барып, мисте өндүрүү, кол өнөрчүлүк, чоподон түрдүү буюмдарды, идиштерди жасоо, дыйканчылык боюнча да биргелешкен аракеттерди көрүү, жана башка түрдүү ишкердик боюнча тажрыйба алмашууга кызыккан ишкерлерди чакырып, эки тараптуу иштешүүгө чакырып өттү.
Буюрса жакынкы күндөрү район акими Учкунбек Жоробаевдин демилгеси менен райондун аймагындагы кызыккан ишкерлер тобун уюштуруп, Өзбек Республикасынын Риштон районунун аймагында мисте багбанчылык, кол өнөрчүлүк, чоподон түрдүү буюмдарды жасоо жана Риштон районундагы Kosto Line Holding фабрикасы менен кызматташууну жолго коюу, эки тараптуу ишкердик боюнча келишимдерди түзүү максатында атайын ишкердик тур уюштурулат.
Баткен районунун акими өз сөзүндө тийешелүү органдардын мыйзамда белгиленген негиздердин жана ыйгарым укуктарынын чектеринен тышкары учурларда, ишкерлердин иштерине мамлекеттин жана анын органдарынын кийлигишүүсүнө жол берилбей тургандыгын ошондой эле, Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамын талаптарын түшүндүрүп арыз даттануу менен кайрылууда, эң биринчи кезекте жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдарына кайрылууну белгилеп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө түрдүү жеке ишкердик кылган ишкерлер учурдан пайдаланып, ишкердик жүргүзүүдөгү мыйзамдуулуктар туурасында суроолорун беришип, өкүлдөр тарабынан жеткиликтүү түрдө маалымат ала алышты.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаган төлөмдөрдү белгилөөгө жана алууга тыюу салуу, негизсиз текшерүүлөр туурасында, орун алган жагымсыз жагдайларда мамлекеттик органдын тийиштүү кызматтарына кайрылуусу зарыл экендигин район акими У. Жоробаев баса белгилеп өттү.
Бүгүнкү жолугушуунун негизги максаты, ишкердүүлүктү алдыга жүргүзүү жана жаңы долбоор баштагандарга колдоо көрсөтүү.
Ишкерлер менен болгон жолугушуу кызыктуу жана пайдалуу болуп, көп маселелер ачык айтылып талкууланды.
Жолугушуунун соңунда, Учкунбек Жоробаев “Баткен районунун мамлекеттик администрациясы жана мекеме ишканалары, айыл өкмөттөрү ишкерлер жана бизнесмендер менен дайыма пикир алышып турат”,-деди.
Бүгүнкү жыйын, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Чакан жана орто ишкерлерге колдоо көрсөтүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу жана аткаруу максатында өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Баткен районунун аймагында жалпы 670 ишкер катталган. Анын ичинен 550 жеке ишкер ККМ электрондук касса менен иш алып барат. Калган 120 жеке ишкер патенттин негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.