Жаштардын жана аялдардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу, спорт менен машыгууларына шарт түзүү, аялдарды физикалык жана психологиялык жактан калыбына келтирүү максатында Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Кара-Токой айылында аялдар үчүн заманбап спорттук кана (фитнес клуб) пайдаланууга берилди.
Ага Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, “Аялдар тынчтык тиреги Кыргызстандын жарандык коомундагы жигердүү аялдар тынчтык үчүн” долбоорунун жетекчиси Мырзагүл Баялиева, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Дыйкановдор жана айыл тургундары, аксакалдар катышты.
Ачылуу салтанатына катышкан район акими, айыл тургундарын кубанычтуу саамалык менен куттуктап, “дени сак эне-дени сак улут”, аялдар арасында сергек жашоо образын калыптандыруу аракети мындан ары активдүү уланат” деп белгилеп, спорттук кананын ачылышына салым кошкондорго ыраазычылык билдирип, бир катар алдыңкыларга ыраазычылык каттарын тапшырды.
Бул спорттук кана “Аялдар тынчтык долбоору” жана жергиликтүү бюджет, демөөрчүлөр тарабынан каржыланып, жалпы суммасы 1 млн 139 миң 876 сомго бардык шарттары, жабдуулары менен бүткөрүлүп, бүгүн айыл элине пайдаланууга берилди.
Бул борбор БУУ Аялдар , ФАО, “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фонду жана Жалпы кызыкчылыктарды издөө уюму, тарабынан ишке ашырылган жана “Гендердик илгерилетүү демилгеси” долбоорунун алкагында тандалган чакан гранттык демилгелердин бири.
Борбор аялдардын потенциалын бекемдөөгө, климаттын өзгөрүшүнүн таасири тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга жана аялдардын коомдук биримдикте ролун жогорулатууга багытталган.
Бул жерде аялдар үчүн ар кандай пайдалуу тренингдер, психологиялык терапия жана дене тарбия көнүгүүлөрү жүргүзүлөт жана тренингдер өзгөчө кырдаалдарда аялдарга жардам көрсөтүү көндүмдөрүн жогорулатууга, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо ыкмалары, арт-терапия, топ терапиясы боюнча семинарларды өткөрүүгө багытталган. Бул борбордо жума сайын аялдар үчүн йога жана фитнес сабактары да өтүп турат.
Белгилей кетсек буга чейин Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылында аялдардын ден соолугун чыңдоочу спорттук кана (фитнес клуб) ачылып, пайдаланууга берилген.