Баткен районунун мамлекеттик администрациясы жергиликтүү тургундарды “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин так аткаруу, мамлекеттик органдарын иштөө ыкмаларына санарип технологияларды колдонуу, ошондой эле жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү, калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында, Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын имаратынын 1-кабатындагы коомдук кабылдамасында район акими Учкунбек Жоробаев жана орун басарлары күн сайын жарандарды кабыл алууда.
Бүгүн, 4-июнда Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев райондун аймагынан келген жарандарды кабыл алып, көйгөйлүү ар бир маселелерин кунт кою менен угуп, тиешелүү жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү берип, маселелерин чечүүгө сөзсүз түрдө көмөк көрсөтүлөөрүн билдирди.
Баткен районунун мамлекеттик администрациясындагы коомдук кабылдамага келген ар бир жарандын маселеси тыкыр көзөмөлгө алынып, ар биринин көйгөйлүү маселелери мыйзам чегинде чечилип берилет.
Ошондой эле, райондук мамлекеттик администрациясынын да жооптуу кызматкерлери келген жарандарды кабыл алышып, суроолоруна жараша тиешелүү райондук мекеме-уюмдар жана айыл өкмөт башчылары менен байланышып, иш алып барышат.