Үстүбүздөгү жылдын 2-июнь күнү Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдор баш болгон делегация Өзбек Республикасынын Фергана облусунун Риштон районуна аталган райондун акими Б. Холиковдун расмий чакыруусу менен Риштон районунда өткөрүлгөн карапа буюмдарынын көргөзмө-соодасы иш-чарасына катышты.
Аталган делегацияны Риштон районунун акими Б. Холиков баштаган делегация жылуу маанайда күтүп алышты.
Аталган делегация Риштон районунда өтүп жаткан карапа буюмдарынын көргөзмө-соодасы иш-чарасына катышып, дүйнөнүн төрт бурчуна тең жетип сатылып жаткан керамикалык идиштер, кумуралар жасалуучу цехке барышып, ал жердеги жумушчулар жана жүрүп жаткан иштер туурасында таанышты.
“Өзбекстандын Риштон району Кыргызстандын Баткен жана Кадамжай району менен чектешип турат. Көптөгөн жылдар бою жабык турган чек ара бекеттер ачылып эки элдин сода сатык мамилеси жакшырды. Эми ишкерлердин кызматташуусу чектеш аймактардын экономикалык жактан өсүп өнүгүшүнө жакшы натыйжа”,- дейт Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев.
Карапа буюмдарынын көргөзмө-соодасы иш-чарасында ишкерлер район акими Учкунбек Жоробаевге Баткен районунун ишкерлери менен Өзбекстандын Риштон районундагы ишкерлери менен кызматташууга шарт түзүп берүүнү өтүнүшүп, Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүк жүргүзүүгө даяр экендиктерин баса белгилеп өтүштү.
Андан сырткары иш чаранын жүрүшүндө эки тараптуу делегация эки райондун бардык тармактар боюнча кызматташуусуна шарт түзүшөөрүн белгилеп, эки элдин достугун бекемдөөгө ишеним артаарын билдиришти.
Белгилей кетсек Баткен облусунун эки район бир шаары Өзбекстандын 5 миллион калкы бар Фергана облусу менен чектешип турат. Аймакта эки өлкөнү байланыштырган 4 чек ара өткөрүү жайы иштейт. Акыркы кезде Фергана менен Баткендин соода экономикалык маданий кызматташуусу ар тараптуу өнүгүүдө.
Кызматташуулар Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров менен Өзбек Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдердин буга чейинки жолугушууларынын негизинде ишке ашырылып жатат.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Баткен району менен Өзбек Республикасынын Риштон району менен ар тараптуу маданий жана соода-сатык тармагында түрдүү иш-чаралар, жолугушуулар байма-бай өткөрүлүп келүүдө.