Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан «Өкмөттүк акселераторлор» – “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” программасынын алкагында үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу демилгеси ишке ашырылууда.
Бүгүн 3-июнда Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн Чек айылынын тургуну жеке ишкер Абдумиталип кызы Нулифар тарабынан аталган айылда “өкмөттүк акселератор” программасынын алкагында үй тибиндеги 25 орундуу “Керемет” бала бакчасы ачылды.
Ачылуу аземине Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, акимдин орун басары Кишимжан Кыдырова, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов, Дара айыл өкмөтүнүн башчысы Искендер Тилековдор жана тийиштүү мекеме ишканалардын жетекчилери, айыл тургундары, аксакалдар катышты.
Салтанаттуу иш чарада район акими айыл тургундарын жаңы бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, “бул программанын максаты жеке ишкерлерди тартуу жолу менен үй тибиндеги жеке бала бакчаларды ачып, балдар бакчаларынын тартыштык маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат, бүгүнкү күндө Баткен районунун аймагында мындай бала бакчалардын дагы бир нечеси ишке кирээри мерчемделүүдө. Буга чейин Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында үй тибиндеги бала бакча ачылып, пайдаланууга берилген”,-деди район акими У. Жоробаев.
Бүгүнкү күндө Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын тапшырмасына ылайык, Баткен районунда 5 бала бакча ачылып 122 бала үй тибиндеги бала-бакчага тартылды.
Мунун натыйжасында бала бакчага тартылбаган балдардын саны азайып, кошумча жумуш орундары түзүлдү.