Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кара-Бак айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди. Ага Кувейт мамлекетинин Ассафа кайрымдуулук фонду каржылык колдоо көрсөткөн.
300 адамга ылайыкташып курулган мечиттин ачылуу аземине Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Ас-Сафа борбору Коомдук бирикмесинин төрагасы Мухаммад Абдурахман Аль-Шая, Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын Египет мамлекетиндеги атайын өкүлү Акылбек Ганыев, Баткен шаар-районунун баш имам хатиби Сайдахмад ажы Аппазов, Ас-Сафа борбору, коомдук бирикмесинин өкүлдөрү, казыят кызматкерлери, имамдар жана айыл тургундары, аксакалдар катышты.
Ачылуу аземинде район акими Учкунбек Жоробаев айыл тургундарын жаңы мечиттин ачылышы менен куттуктап, мечиттин курулушуна салым кошкон жарандарга жана аталган кайрымдуулук фондуна район элинин жана жеке өзүнүн атынан ыраазычылык билдирип өттү.
Мечит Кувейт мамлекетинин Ас-Сафа борбору, коомдук бирикмеси тарабынан каржыланып бардык шарттары менен бүткөрүлүп, айыл элине пайдаланууга берилди.
Ал эми ошол эле күнү район акими Учкунбек Жоробаев жана Ас-Сафа борбору Коомдук бирикмесинин төрагасы Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен биргеликте Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылында жаңыдан курулган мечитти жеринде көрүп, кабар алып келишти.
Буюрса документ иштери бүткөрүлсө жакынкы күндөрү салтанаттуу түрдө пайдаланууга берилет.
Андан соң район акими жана Ас-Сафа борбору Коомдук бирикмесинин төрагасы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Зарташ айылына барышып, ал жердеги мектептин абалын көрүп чыгышты.
Район акими Учкунбек Жоробаевдин Ас-Сафа борбору Коомдук бирикмесинин төрагасы Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен болгон сүйлөшүүсүнүн натыйжасында 3 тараптуу келишимдин негизинде Баткен районунун мамлекеттик администрациясы, Төрт-Гүл айыл өкмөтү жана Ас-Сафа коомдук уюму тарабынан үч тараптуу каржыланып, биргеликте жаңыдан мектеп куруу жагы мерчемделди.
Ошондой эле эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында райондун аймагына бир топ социалдык комплекстин курулушу, таза жана сугат суу маселелерин чечүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүлүп, район акими Учкунбек Жоробаевдин Ас-Сафа борбору Коомдук бирикмесинин төрагасы Мухаммад Абдурахман Аль-Шая менен болгон сүйлөшүүсү жемиштүү аяктады.
Белгилей кетсек Кувейт мамлекетинин Ас-Сафа борбору Коомдук бирикмеси өлкөбүздө жана райондун аймагына бир канча жылдардан бери иш алып барып келет.
Баткен районунун социалдык инфраструктурасын жакшыртуу максатында район акими Учкунбек Жоробаев бүгүнкү күндө инвестиция тартуу аракеттеринин негизинде, райондун бардык айыл аймактарына таза суу долбоорун ишке ашырууну мерчемдеп, анын үстүндө иш алып барып барууда.
Жогоруда аталган коомдук бирикме менен жетекчиликтин тыгыз кызматташтыкта иштегендеринин натыйжасында Баткен районунун аймагында бир топ социалдык объектилер курулуп, таза суу маселелери чечилип келүүдө.