Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев жана райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаевдер Баткен районунун Самаркандек айыл өкмөтүнүн Самаркандек айылындагы “Үмүт” балдардын ден соолугун калыбына келтирүүчү балдар бакчасына барып, ал жерде тарбияланып жаткан балдардан кабар алып, аларды бүгүнкү 1-июнь Эл аралык балдардын күнү менен куттуктап, ден соолук каалап, таттууларды алар үчүн даярдалган белектерди берип келишти.
Район акими аталган балдар бакчасынын тарбиячыларына терең ыраазычылык билдирип, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштөө татаал экенин белгилеп, алардын түйшүктүү иштерине ийгиликтерди каалады.
Белгилей кетсек бүгүнкү күндө Баткен районунун Самаркандек айылындагы “Үмүт” балдар бакчасында мүмкүнчүлүгү чектелген 4 жаштан 15 жашка чейинки 16 бала тарбияланат.