Баткен районунун Кара-Булак айыл өкмөтүнүн Бужум айылынын 29 жаштагы тургуну Айзирек Маликова ушул жылдын 15-майында Ош областтык төрөт үйүнө
үч эм кыздарды жарык дүйнөгө алып келген.
Бүгүн Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, акимдин орун басары Кишимжан Кыдырова, 03-01 Аймактар аралык калкты каттоо департаментинин башчысы Алтынай Худайбердиевалар үч эм кыздарды кабар алып, алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүн жана мамлекет тарабынан берилүүчү сүйүнчү пулдарын тапшырышты.
Үч эмдер Баткен областтык биргелешкен оорукасынын ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө дарыгердин көзөмөлүндө.
Белгилей кетсек буга чейин Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов жана Кара-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Мисиралиевдер үч эмди кабар алып, Ош областтык төрөт үйүнө барышкан.
Анда ымыркайлар үчүн атайын кийим-кече, акчалай белек жана 3 коляска тапшырылган.
Үч эмдин атасы Жаңыбай Урайым уулу Кадамжай райондук милициясынын “Жаныкул Садиров” атындагы Бүргөндү аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электердин иши боюнча аймактык тескөөчүсү болуп эмгектенет. Ал милициянын кенже лейтенанты.
Жубайы Баткен Айзирек Маликова 29 жашта, кесиби боюнча журналист.
Ымыркайлар кесарево жолу менен төрөлгөн.
Үчөө тең кыз, алардын ысымдары Амина, Алия, Асия.
Учурда аялдын жана ымыркайлардын абалы жакшы.