Баткен районунда 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага Баткен районунун акими У, Жоробаев, акимдин орун басары К. Кыдырова, Баткен райондор аралык Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Сүйүн Сатыбалдыев жана тийиштүү жетекчилер, балдар, ата-энелер, демөөрчүлөр катышты.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө жетекчилер бүгүнкү жаркын майрамдын ээси болгон балдарды 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, өздөрүнө бекем ден соолук жана келечектерине ийгиликтерди каалап, ар бирине баалуу белектерди тапшырды.
Ошондой эле жеке ишкер “Баткен Тоо Кен” жоопкерчилиги чектелген коомунун генералдык директору Тимур Гайнанов, Баткен районунун тургундары жеке ишкер Асылкан Саматова, Шамшидин Карагулов, Анара Ураимовалар, балдарды куттуктап, райондун аймагындагы ата-энесинен эрте ажыраган 17 балага акчалай сыйлыктарды жана белектерди, таттууларды тапшырышты.
Майрамдык иш-чарада балдардын чыгармачылык борборунун окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программалар тартууланып, ыр, бийлер менен коштолду.
Бүгүнкү иш чарага демөөрчүлүк кылган жарандарга район акими Учкунбек Жоробаев ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.
Иш чара Баткен шаарындагы Чудо паркында Баткен районунун тургуну Анара Ураимованын демөөрчүлүгү астында өткөрүлдү.
Иш-чарага келген балдардын чоң энелери ушундай чоң майрамды уюштуруп өткөрүп берген район акимине жана жетекчиликке, демөөрчүлөргө терең ыраазычылыктарын айтышып, ак батасын беришти.
Иш чаранын соңунда балдарга майрамдык сый-тамактар уюштурулду.