Баткен районунун Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылында айылдык китепкана ачылып, китеп сүйүүчүлөрү кубанып турган кези.
Салтанаттуу ачылуу аземине Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, орун басары Кишимжан Кыдырова,
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлү Кызжибек Бакытбекова, Суу-Башы айыл өкмөтүнүн башчысы Кубанычбек Дыйкановдор, мекеме ишканалардын жетекчилери, айыл тургундары, аксакалдар катышты.
Анда район акими айыл тургундарын жаңы китепкананын ачылышы менен куттуктап, “мындай китепкана жаштардын китепке болгон кызыгуусун ойготууга шарт түзөт. Китеп дүйнө таанымды кеңейтип гана тим болбостон, сөз байлыгыңды, жашоого болгон көз карашыңды дагы өстүрүүгө өбөлгө болот”, -деди район акими Учкунбек Жоробаев.
Бул китепкананын курулушуна Чүй областынын Жайыл району тарабынан 585 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилип, жергиликтүү бюджет тарабынан 415 миң 200 сом каралып, жалпы суммасы 1 млн 200 сомго бүткөрүлүп, бүгүн кызыл лентасы салтанаттуу кесилди.
Китепкананын фонду 10858 китептен турат. Бара-бара китепкананын фонду дагы көптөгөн китептер менен толукталып, жаш жеткинчектерди да өз катарына тартат.
Бул китепканага жаңы чыккан китептер коюлган. Жашоочулар каалаган убактысында келип китеп окуп кетселер болот. Аны үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Китепкана 10 миңден ашуун китепти сактоого ылайыкташтырылган.
Бардык шарттары бар окуу залы 20 орунга ылайыкташтырылган.
Китепкананын ачуу аземинде сүйлөгөн район акими китепкананын курулушуна салымын кошкондорго терең ыраазычылык билдирип, бир катар алдыңкыларды Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы жана ыраазычылык каттары менен сыйлап, жаштардын билим алуусуна жана адис катары калыптанууга керек болгон шартты түзүү үчүн аракетин улантаарын баса белгилеп айтып өттү.
Ошондой эле район акими Учкунбек Жоробаев Баткен районунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө жана Суу-Башы айыл өкмөтүнүн “Апкан” айылдык китепканасынын түптөлүшүнө кошкон салымы үчүн Чүй областынын Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Туркбаев Торогелди Калыбековичке Баткен районунун элинин жана жеке өзүнүн атынан терең ыраазычылыгын билдирип өттү.
Салтанаттуу иш чара концерттик программа менен коштолуп, бул күнү айыл элине жагымдуу маанай тартууланды.
Белгилей кетсек бул иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандык руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын, Баткен районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгынын алкагында уюштурулуп өткөрүлдү.