Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы “Кыргыз Республикасынын Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү” программасынын алкагында Баткен районун өнүктүрүү максатында 125 млн сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
Мунун алкагында Баткен районунун аймагынан бир канча долбоорлор сунушталып, Баткен облусунун өнүктүрүү кеңеши тарабынан кабыл алынып, райондо алгылыктуу жумуштар жүргүзүлүп жатат.
Бүгүн Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылында Баткен районун өнүктүрүү максатында бөлүнүп берилген 125 млн сом акча каражатынын эсебинен жаңыдан курулуп жаткан логистикалык борбордун курулуш иштери менен Түштүк Кореянын Койка уюмунун өкүлү Ли Богжи менен биргеликте жеринде көрүп келди.
Жалпы суммасы 37 млн сомдон ашуун акча каражатына каржыланган логистикалык борбор Жаңы-Жер айылында жергиликтүү бюджеттин жана Түштүк Кореянын Койка уюму аркылуу курулуп жатат.
Логистикалык борбордун жалпы аянты 1 гектарды түзөт.
Логистикалык борбор курулуп бүткөрүлсө анда 500 тонна продукцияны, жашылча-жемиштерди кургатуу, сактоо, таңгактоо жана тоңдуруу үчүн шарттар түзүлөт.
Район акими Учкунбек Жоробаев “логистикалык борборду куруунун максаты, өндүрүштү, кайра иштетүү жана агро өнөр жай тармактарын өнүктүрүү, эскпортко товар чыгаруу аркылуу аймактын социалдык-экономикалык абалын жана жергиликтүү калктын тиричилик деңгээлин жакшыртуу болуп саналат”,-деди.
Алсак аймактарда логистикалык борбордун курулушу регионго башка инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берип, жаңы ишканалардын ачылышына, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана жергиликтүү бизнестин өнүгүшүнө чоң пайда алып келери талашсыз.
Белгилей кетсек жумуштун экинчи бөлүгү жергиликтүү бюджеттин жана Түштүк Кореянын Койка уюму аркылуу каржыланып, бүткөрүлөт.
Белгилей кетсек бүгүнкү күндө райондун аймагында өкмөт тарабынан бөлүнүп берилген 125 млн сом акча каражатынын эсебинен айыл аймактарда түрдүү, алгылыктуу жумуштар бүткөрүлүп жатат.