Бүгүн 28-май – Чек арачылардын кесиптик майрамы.
Баткен районунун аймагындагы чек ара заставаларында чек арачылардын кесиптик майрамынын 25 жылдыгы салтанаттуу өткөрүлдү.
Майрамдык иш-чарага айыл өкмөттөрүнүн башчылары катышып, чек арачыларды кесиптик майрамы менен куттуктап, чек араны кайтарууда артыкчылык көрсөткөн аскер кызматчыларына сыйлыктарды тапшырышты.
Майрамдык иш-чаралар аскер бөлүктүн таланттуу аскер кызматчылары тарабынан даярдалган концерттик программалар менен коштолуп, алар үчүн атайын сый-тамактар уюштурулду.
Майрамдык иш-чарага чек ара заставаларынын аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамы, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, айыл өкмөттөрүнүн башчылары катышты.