Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким У. Жоробаев, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы Абдикарим Каламбеков менен Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр жаңы конушуна курулуп жаткан жолду жеринен барып кабар алып келишти.
Аталган жол Дара айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылын аралап өтөт.
Жалпы узундугу 3 километр.
Бул жол айыл өкмөтү тарабынан каржыланып, атайын техникалардын жардамы менен учурда тегиздөө, кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат.
Белгилей кетсек Баткен шаардык мэриясы жолдорду тегиздөө жумуштарына атайын техникалардан жардам көрсөтүп, керектүү техникаларды иштетүү үчүн жиберген.
Район акими Учкунбек Жоробаев шаар мэри И.Буркановго терең ыраазычылык билдирип өттү.