Урматтуу Чек ара аскерлери жана Чек ара кызматынын ардагерлери!
Сиздерди Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын жана жеке өзүмдүн атымдан 28-май Чек ара кызматынын күнү менен куттуктайм!
Ар эр-азамат адам үчүн Ата Мекен коопсуздугун, журт тынчтыгын коргоодон өткөн ыйык милдет жок.
Мекен чегинде туруп, эл коопсуздугун, журттун амандыгын бөтөн көздөн сактоо, чоочун колдон коргоо- ыйык парз. Ошол эле учурда, анын баары Сиздерге көрсөтүлүп жаткан зор ишеним да болуп саналат. Өлкө бүтүндүгү, журт биримдиги да кандайдыр бир деңгээлде Сиздердин кыраакы аракетиңиздерге жараша болору анык.
Чек ара кызматы абдан түйшүктүү. Сиздер катаал шарттарда: алыскы чек араларда жайды жайдай, кышты кыштай, күн-түн дебей кызмат өтөйсүздөр. Сиздер менен бирге кызматтын турмуш-тиричиликтин түйшүгүн үй-бүлөңүздөр кошо тартат.
Бирок, эмгегиңиздерди, бардык күч-кубатыңыздарды –ыйык милдет, өз Мекениңиздер, Кыргызстандыктардын анын ичинен Баткен районунун тынчтыгы жана бейпилдиги үчүн жумшап жатасыздар.
Кайсы эле мезгил болбосун, күнү-түнү чек ара бекемдигин коргоп, айрыкча өткөн жылдары чек ара жаңжалдарында дагы тикеден –тике туруп, элдин коопсуздугун камсыз кылуу менен чоң эмгек жараттыңыздар. Сиздердин аракетиңиздер менен калкыбыздын турмушу бир калыпка түшүп, саясий абал турукташа баштады.
Биз баарыбыз бириксек, эл менен кошо баардык кыйынчылыктарды жеңип чыгып, Кыргызстан келечекте чыныгы демократиялуу, ар тараптан өнүккөн өлкөлөрдүн көчүнө кошула тургандыгына шек жок. Биздин баардык аракетибиз мына ошого багытталган. Мен баардык мекендештеримди жарандык кыраакылыкка чакырар элем.
Ардактуу Чек ара кызматкерлери! Дагы бир ирет кесиптик майрамыңыздар кут болсун. Бардыгыңыздарга чың ден соолук, бакыт-таалай, ийгилик жана бакубат турмуш каалайм!
Ата Мекен чеги ишенимдүү колдо экендигине терең ишенебиз! Кыргызстаныбызда анын ичинде Баткен районунда тынчтык жана туруктуулук болсун!