Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаевдер Суу-Башы айыл өкмөтүнүн Апкан айылындагы А. Жоробаев атындагы орто мектебиндеги акыркы коңгуроо салтанатына катышты.
Район акими Учкунбек Жоробаев куттуктоосунда, бүгүнкү бүтүрүүчүлөрдүн арасынан өлкө келечеги болгон, бардык тармактын мыкты адистери чыгаарына ишеничин билдирип, мектеп администрациясына терең ыраазычылык билдирди.
Андан сырткары бул күнү район акими Учкунбек Жоробаевдин чоң атасынын атына коюлган Аскар Жоробаев атындагы орто мектебинде окуусу, журүш-турушу, тартиби менен өзгөчөлөнгөн окуучуларга өзүнүн атынан бир жолку берилүүчү стипендиясын тапшырды. Ал эми мектепте көп жылдан бери эмгектенип, бир канча мугалимдердин устаты болгон алдыңкы мугалимдерге жана алдыңкы окуучуларга Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасын, ыраазычылык каттарын жана баалуу белегин тапшырды.
Учурда жалпы район боюнча 11-классты 804 9-классты 1407 окуучу бүтүрүүдө.
Бүгүн Баткен районунун бардык билим берүү мекемелеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаттары өткөрүлүп, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери жерине барып куттукташты.