Урматтуу бүтүрүүчүлөр, окуучулар!
Баарыңарды окуу жылынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктаймын!
Ар бириңердин ойлогон ой максаттарыңар, кыялыңар ишке ашуусуна, чын жүрөктөн тилектешмин.
Келечек муундун татыктуу билим алуусуна шарт түзүү, мамлекетибиздин приоритеттүү багыттарынын бири. Кыргызстан билим берүү тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат. Анткени билимдүү жаштар өлкөбүздүн келечеги.
Алдыдагы жылдарда коомдун негизги эмгекчи күчү, экономиканын жаратуучусу, мамлекеттин саясатын жүргүзүүчү мыкты инсандардан болушуңарга терең ишенем.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр!
Силер билим уябыз болгон мектепти аяктап, жогорку билим алууга аттанып олтурасыңар!
Келечекте ар бириңер өзүңөр тандаган кесип боюнча билим алып, мыкты адистерден болооруңарга ишеничим зор.
Өлкөбүздүн, аймагыбыздын ар тараптуу өнүгүүсүнө салым кошосуңар деген зор үмүттөбүз.
Силердин араңарда окуудагы эң мыкты жетишкендиктери менен айырмаланган окуучуларыбыз көп экендиги кубандырат.
Алдыда, өлкөбүздүн жана дүйнөнүн мыкты жогорку окуу жайларына студент болуу баарыңарга насип этсин.
Силерге бекем ден соолук, узун өмүр, жана кең келечек каалайм.
Келечекке таштаган кадамыңар байсалдуу болсун.