Баткен районунун аймагында өзүм билемдик менен ээлеп алган ар кандай курулуштар курулган жерлер мыйзам чегинде бошотулууда.
Эскерте кетсек жумуштар Кыргыз Республикасынын Президентинин “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндөгү” N109 Жарлыгынын алкагында аткарылууда. Жарлыкка ылайык мыйзамсыз деп табылган курулуштардын ээлерине билдирүүлөр берилген.
Анын ичинен айрымдары билдирүүнүн талаптарын аткарып, өз каалоолору менен куруп алган кошумча курулуштарын, тосуп алган тосмолорун бузуу иштерин жүргүзүшүүдө.
Ал эми ушуга чейинки берилген билдирүүнүн талаптарын аткара элек жашоочуларга район акими Учкунбек Жоробаев тарабынан бекитилген комиссиялык курам кайрадан жерине барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү беришүүдө.
Бүгүн аталган комиссиянын мүчөлөрү Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Зарташ айылында жергиликтүү тургун тарабынан мыйзамсыз курулуш жүрүп жаткандыктан райондук комиссия жерине барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жүрүп жаткан курулуштарды өз убагында токтотууга жетишти.
Белгилей кетсек мыйзамсыз куруштар боюнча райондун аймагында түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлүп жатат.