Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Жоомарт Асанов Суу-Башы, Ак-Татыр жана Ак-Сай айыл аймактарына жумушчу сапары менен барып, жеринде бир катар маселелер менен таанышты.
Сапардын алкагында айыл чарба иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү үчүн сугат суунун жетишүүлүгү, ирригациялык системалардын абалы, ошондой эле жүрүп жаткан курулуш иштери текшерилди. Жоомарт Асанов маселелерди жеринен чечүүгө аракет жасап, тиешелүү кызматтарга дыйкандарды сугат суу менен өз убагында камсыздоону, курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүүнү камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Мындай жеринде жүргүзүлгөн жолугушуулар жана текшерүүлөр — аймактардагы көйгөйлөрдү ыкчам чечүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.




