Баткен районунун акиминин тапшырмасына ылайык, бүгүн райондун аймагында кеңири масштабдагы ишембилик уюштурулду. Ишембиликке мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, жергиликтүү тургундар жана жаштар активдүү катышышты.
Иш-чаранын алкагында жол жээктери таштандылардан тазаланып, коомдук жайлар иретке келтирилди. Ошондой эле мекеме имараттары акталып, сырдалып, жашылдандыруу иштери жүргүзүлдү. Тал-теректер буталып, айлана-чөйрө тазаланып көрктөндүрүлдү.
Мындай ишембиликтер аймакты көрктөндүрүп, экологиялык маданиятты жогорулатуу менен жарандарды таза жана жашыл чөйрөдө жашоого үндөйт. Район жетекчилиги мындан ары да мындай иш-чаралар системалуу түрдө улантыларын белгиледи.







