Бүгүнкү күндө Баткен районунун аймагында мамлекеттик чек ара сызыктарында зым тосуу тартуу иштери ырааттуу түрдө жүргүзүлүп жатат. Бул иштердин алкагында Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Жоомарт Асанов жана аппарат жетекчиси Алимбек Матмуратовдор Ак-Сай айыл аймагында болуп, жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
Зым тосмо тартууга тоскоол болбошу үчүн айрым участоктордо тал-теректерди кыюу жана жерлерди бошотуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул аракеттер элдин коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара аймагындагы тартипти бекемдөө максатын көздөйт.
Жергиликтүү жашоочулар бул иштерге түшүнүү менен мамиле кылып, мамлекеттик чек араны бекемдөөгө өз салымдарын кошуп жатышат. Эл өкүлдөрүнө ыраазычылыктарын билдиришип, чек аранын тынч жана коопсуз болушу жалпы элдин кызыкчылыгы экенин баса белгилешүүдө.



