Баткен облусунун мусулмандар казыяты тарабынан демилгеленген иш пландын негизинде
бүгүн Кызыл-Кыя шаарындагы “Умар Бин Хаттаб” мечити тарабынан уюштурулган «Мээримдүү бол» аттуу ири кайрымдуулук иш-чарасы өткөрүлдү. Сооптуу максатты көздөгөн бул иш-чарага Баткен облусунун аймагынан багуучусунан эрте ажыраган миңден ашуун бала катышып, алардын арасында Баткен районунан 60 бала да мыкты эс алып кайтышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдар Кызыл-Кыя шаарындагы эс алуу паркында болуп, атайын уюштурулган түрдүү салтанаттуу оюн-зоок программаларга күбө болушту. Алар эс алуу паркындагы аттракциондордо ойношуп, көңүлдүү маанайда эс алышты. Ошондой эле балдар үчүн ысык тамактар, балмуздак, таттуу суусундуктар уюштурулуп, ар бирине көңүл бурулду.
Балдардын жолдогу коопсуздугу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан толук камсыздалды.
Бул иш-чара балдарды колдоо жана зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында өткөрүлүп, жаш өспүрүмдөрдүн көңүлүн көтөрүп, аларга жылуулук тартуулады.
Баткен райондук мамлекеттик администрациясы иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүүгө көмөктөшкөн:
Баткен облусунун мусулмандар казыятына,
Баткен районунун хатибиятына,
Кызыл-Кыя шаардык хатибиятына
терең ыраазычылык билдирет.
Ар бирибиз кайрымдуу бололу! Балдардын жаркын күлкүсү – биздин баа жеткис байлыгыбыз!







