Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296-жарлыгын ишке ашыруу максатында Баткен районунда маркумдарды акыркы сапарга узатуу салттарын жана жерге коюу тартибин жакшыртууга багытталган иштер жүргүзүлүүдө. Бул жарлыкка ылайык, жергиликтүү бийлик органдары жана тиешелүү мекемелер тарабынан коомчулук арасында кеңири түшүндүрүү иштери башталды.
Аталган иш-чаралардын негизги максаты — маркумдарды жерге берүүдө руханий-адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоо менен катар, көрүстөндөрдүн сырткы көрүнүшүн тартипке келтирүү, эстетикалык жана экологиялык талаптарга ылайыкташтыруу болуп саналат. Ошондой эле, “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар да комплекстүү түрдө жүргүзүлүүдө.
Райондук деңгээлдеги тиешелүү мекемелерге төмөнкү тапшырмалар жүктөлдү:
Мусулман мүрзөлөрүнүн тегерегиндеги тосмолорду эстетикалык талаптарга жооп берген, бийиктиги 0,7 метрден ашпаган, атайын даярдалган материалдар менен куроо каралган.
Ар бир айыл өкмөтү үч айлык мөөнөттө көрүстөндөрдү иретке келтирүү, жасалгалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүүгө тийиш. Бул иштерде санитардык, экологиялык нормаларга ылайык өлчөмдөр жана стандарттар сакталууга тийиш.
Мүрзөлөргө орнотулуучу эстеликтердин материалдары, түрлөрү жана орнотуу тартиби боюнча тиешелүү долбоорлор иштелип чыгып, бекитилет.
Мындан тышкары, дин тутуу каада-салттарына ылайык мүрзөлөргө эстеликтерди тургузууда ысырапкорчулукту болтурбоо максатында калк арасында түшүндүрүү иштери ырааттуу жүргүзүлүп жатат.
Бул иштер Баткен районунун аймагында ыймандуулукту, адеп-ахлакты жана улуттук каада-салттарды сактап, коомдук тартипти камсыз кылууга багытталган маанилүү кадам болуп саналат.
