11-июнь күнү жааган өткүн жаандан кийин Баткен районунун Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Рават айылында сел суулары ашып, сел жүргөн.
Баткен районунун акими Данир Иманалиев
ӨКМдин Баткен райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жана тийиштүү жетекчилерге сел кесепеттерин жоюу, ыкчам тартипте калыбына келтирүү, тазалоо, келтирилген зыянды аныктоо жумуштарын баштоо тапшырмасын берди.
Ал үчүн атайын техникалар тартылат.
Сел кеткен аймак район акиминин көзөмөлүндө.
