Баткен райондук мамлекеттик администрациясы жергиликтүү тургундарды “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесин так аткаруу, мамлекеттик органдарын иштөө ыкмаларына санарип технологияларды колдонуу, ошондой эле жарандардын кайрылууларына ыкчам чара көрүү, калк менен өз ара байланышты жакшыртуу максатында, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын 1-кабатындагы коомдук кабылдамасында Баткен районунун акими жана орун басарлары күн сайын жарандарды кабыл алууда.
Бүгүн, Баткен районунун акиминин 1-орун басары Жоомарт Асанов жарандарды кабыл алып, көйгөйлүү
ар бир маселесин кунт кою менен угуп, тиешелүү жоопторду жана түшүндүрмөлөрдү берип, маселелерин чечүүгө сөзсүз түрдө көмөк көрсөтүлөөрүн баса белгилеп өттү.
Баткен районунун мамлекеттик администрациясындагы коомдук кабылдамага келген ар бир жарандын маселеси тыкыр көзөмөлгө алынып, ар биринин көйгөйлүү маселелери мыйзам чегинде чечилип берилет.
Ошондой эле, райондук мамлекеттик администрациясынын да жооптуу кызматкерлери келген жарандарды кабыл алышып, суроолоруна жараша тиешелүү райондук мекеме-уюмдар жана айыл өкмөт башчылары менен байланышып, иш алып барышат.
