Бүгүн Баткен районунун акими Данир Иманалиев Суу-Башы айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак айылына иш сапары менен барды. Сапардын негизги максаты – учурда бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып жаткан таза суу менен камсыз кылуу долбоорунун аткарылышы менен жеринен таанышуу болду.
Аталган долбоор Кара-Булак айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга багытталган. Учурда бул иштер активдүү жүрүп жатат жана айыл тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга чоң өбөлгө болот деп күтүлүүдө.
Аким Данир Иманалиев долбоор ишке ашырылуучу аймактагы көчөлөрдү кыдырып чыгып, таза суу системасынын курулушу пландалган жер тилкелерин көрүп чыкты. Жолугушуунун жүрүшүндө, долбоордун алкагында таза суу кире турган маршруттар боюнча жер тилкесинен чыгып калган айрым жарандар менен жеринде сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Аким жана тийиштүү жетекчилер жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, таза суу долбоорунун маанилүүлүгүн жана анын бүт айылга тийгизе турган оң таасирин белгилешти.
Муну менен катар, аким тургундарды долбоордун үзгүлтүксүз жана тоскоолдуксуз ишке ашырылышына өз салымдарын кошууга, түшүнүү жана колдоо көрсөтүүгө чакырды. Жергиликтүү тургундар өз кезегинде таза сууга жетүү алардын көптөн берки талабы болуп келгенин белгилеп, долбоорду кубаттай тургандыктарын билдиришти.
Эгерде долбоор ийгиликтүү аяктаса, Кара-Булак айылынын бардык тургундары таза ичүүчү сууга туруктуу жана коопсуз жеткиликтүүлүккө ээ болушат. Бул демилге — Баткен районундагы калктын турмуш-шартынын жакшырышына багытталган маанилүү социалдык кадамдардын бири болуп саналат.
