Бүгүн 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Баткен облустук китепканасында адабий-музыкалык иш-чара өткөрүлдү.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков,
Баткен шаарынын мэриясынын социалдык-маданий өнүктүрүү секторунун башчысы Мансурбек Маматисаев,
Мамлекеттик тил комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү
Динара Жолмат кызы жана райондун аймагындагы китепканалардын башчылары катышты.
Өткөрүлгөн иш-чаранын максаты, китеп окууга болгон кызыгууну арттыруу,
адабият аркылуу жаш муундардын руханий дүйнөсүн байытуу,
автордук укук жана интеллектуалдык менчик тууралуу түшүнүктү кеңейтүү менен улуттук таалим-тарбияга, билим берүүгө, китеп окууга басым жасоо болуп саналат.
Иш чарада Баткен районунун аймагындагы авторлордун “Чабыт” аттуу китебинде чыгармасы жазылган Рават айылдык китепканасынын башчысы Дастан Эркин уулу аталган китептен өз чыгармасын көркөм окуп берди. Ошондой эле чыгарма, баяндама, жана музыкалык номерлер аткарылып, китеп көргөзмөсү уюштурулуп, катышуучуларга китептердин мазмуну жана авторлору тууралуу маалымат берилди.
