“Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө” жарлыгын аткаруу максатында Баткен районунда “Өрүк гүлү” фестивалы өткөрүлдү.
Майрамдык иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов, Баткен районунун акими Данир Иманалиев, орун басары Жумагүл Сатыбалдыева жана айыл өкмөттөрүнүн, мекеме ишканалардын жетекчилери ошондой эле
Өзбек Республикасынын Риштан, Сох райондорунун акимдери, эки өлкөнүн ишкерлери шаар тургундары катышты.
Салтанаттын жүрүшүндө район акими келген конокторду жана катышуучуларды “Өрүк гүлү” фестивалы менен куттуктап, өз сөзүндө “бүгүнкү майрам башка майрамдардан элибизге руханий азык тартуулагандыгы менен өзгөчөлөнөт. Анткени бул күнү биз өрүк азыктарынан даярдалган көргөзмөлөрүн көрүп, өрүктү даңазалаган обондуу, көркөм окулган ырларды угуп, жан дүйнөбүздүн бөксөсүн толтуруп, өзүбүзгө руханий жана маданий азык алабыз деп ойлоймун. Андан сырткары мындай фестивалдарды өткөрүү менен биз ички жана тышкы туристтерди, өрүктү жана өрүк гүлүн дүйнөлүк Эл аралык деңгээлге чыгаруу үчүн бир катар инвесторлорду тарта алабыз”,-деди.
Фестивалдын алкагында айыл өкмөттөрү тарабынан
ата-бабалардан бери келе жаткан баалуу кол өнөрчүлүгү, унутта калган каада-салттары, улуттук тамак-аштары, өрүктөн жасалган азыктардын жарманкеси көрсөтүлдү.
Фестивалга мыкты катышкан алдыңкылар
Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары, ыраазычылык каттары жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышты.
Иш чаранын максаты-жогорку моралдык ченемдерди, каада-салттарды, коомдук баалуулуктарды өздөштүрүү, элдик таланттарды табуу жана район элине майрамдык маанай тартуулоо.
Фестивалдын жүрүшүндө
эки тараптуу достукту бекемдөөгө кошкон салымдары үчүн Өзбек Республикасынын Риштан, Сох райондорунун акимдери Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данир Иманалиев баш болгон мекеме ишканалардын, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына жана райондук мамлекеттик администрациясынын эмгек жамаатына терең ыраазычылыктарын билдиришти.
Өткөрүлгөн салтанаттуу иш чарада райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан конокторго жана көрүүчүлөргө концерттик программа тартууланды.
✍️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы
