“Айтылган бардык көйгөйлөр чечилет”
Баткен районунун акими Данир Иманалиев жана тийиштүү жетекчилер Ак-Сай айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолугушту.
Жолугушууда район жетекчилерине эл тарабынан көйгөйлүү маселелер айтылып, район акими Данир Иманалиев тиешелүү жетекчилерге маселелерди убагында чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Ал эми кээ бир маселелерди жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Ошондой эле жыйында элдер тарабынан турак жай, чек ара, жол, жайыт, таза суу, сугат суу жана башка ушул сыяктуу маселелер көтөрүлүп, тийиштүү жетекчилер жооп беришти.
Эл менен болгон жолугушууда айыл элине
жаш балдарга карата зордук зомбулук,
диний экстремизм-терроризм,
коомдук жайлардагы
коомдук коопсуздук,
жол коопсуздугу,
ысырапкорчулук, мыйзамсыз курулуштар,
чек аралаш аймактарда өзүн алып жүрүү жана башка түрдүү маселелер боюнча жетекчилер тарабынан кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле, жетекчилер жарандарды аткезчиликке бөгөт коюу, мал уурулуктун алдын алуу, мал-жандыктарга сак болуу, үй-бүлөлүк зомбулуктарды болтурбоо, жаш балдарга көзөмөлдү күчөтүүнү эскертип өтүштү.
Ошондой эле аткезчиликке байланышкан фактылар катталса, токтоосуз түрдө милиция кызматкерлерине кабар берүүсүн айтышып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн беренелер, жоопкерчиликтер боюнча кенен түшүндүрмөлөрдү беришти.
Андан сырткары район акими райондун аймагында жүрүп жаткан иштер туурасында айтып,
өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформалар, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун көйгөйлүү маселелерди чечкен Жарлыктары, Президент тарабынан аткарылып жаткан иштери жана чечимдери туурасында айыл тургундарына кенен маалыматтар берилди.
Район акиминин эл менен болгон жолугушуусунун соңунда айыл аксакалдары тарабынан район акимине ыраазычылыктар айтылып, мындан ары иштерине ийгиликтерди каалашты.
🖊️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.
