Бүгүн Баткен райондук ден соолук комитеттеринин арасында мелдеш өткөрүлдү.
Ага Баткен районунун акиминин орун басары Жумагүл Сатыбалдыева, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы, тийиштүү жетекчилер, ден соолук комитеттеринин мүчөлөрү катышты.
Өткөрүлгөн мелдеште
спорттун аркан тартыш, волейбол жана кол күрөшүү боюнча мелдештер ден соолук комитеттеринин ортосунда өткөрүлдү.
Бул иш чара Баткен райондук ден соолук комитеттеринин
ортосундагы сергектик жашоо, бири-бирине болгон ынтымакты колго алуу максатында уюштурулуп өткөрүлдү.
Мелдештин жүрүшүндө жеңүүчүлөр жана мыкты оюнчулар Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.
Мелдеш мыкты деңгээлде өткөрүлүп, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.
✍️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы
