Айгүл гүлүнө чыгууга буга чейин мораторий жарыяланган болчу.
Баткен райондук токой чарбасынын башчысы Бактыяр Козубаевдин айтымында 2023-жылдын 1-апрелинен тарта, 2026-жылдын 1-апрелине чейин (3 жылга) сейрек кездешүүчү Айгүл гүлүн сактап калуу жана көбөйтүү максатында жарандарга «Айгүл-Тоо» жаратылыш коругуна кирүүгө тыюу салынган.
Белгилеп кетүүчү жагдай, “Айгүл таш” коругу 2008-жылы Баткен облустук токой чарба бөлүмүнө өткөрүп берилген. 2001-жылы тоонун тескей тарабы тосмолор менен тосулган. “Айгүл таш” мамлекеттик коругунун жалпы аянты 254 гектарды түзөт. Ал 1978-жылы коргоого алынып, 2004-жылы гүл Кыргызстандын Кызыл китебине кирген.
Эскерте кетсек, болгону 10 эле күн гүл ачкан же өтө сейрек кездешкен бул гүлдү көрүү үчүн Кыргызстандын булуң-бурчунан башка, коңшу өлкөлөрдөн атайын туристтер келип, көрүп кетчү.
🖊️Баткен районунун мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы
