Бүгүн Баткен районунун акими Данир Иманалиев райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы О. Мажилимов жана тийиштүү жетекчилер, айыл өкмөтүнүн башчылары менен биргеликте “Ага-хан” фондунун өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууда билим берүү тармагындагы бир катар маселелер талкууланып, “Ага-хан” фондунун демилгеси менен Германиянын Өкмөтү тарабынан каржыланып жаткан “Кыргыз Республикасынын чек ара коомчулугунда туруктуулук үчүн билим берүү” биргелешкен долбоор тууралуу кеңири сүйлөшүүлөр болду.
Аталган долбоордун максаты Кыргыз Республикасынын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарын туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүү. Үч жылга эсептелген долбоор бала бакчалардын жана мектептердин инфраструктурасын оңдоо жана калыбына келтирүү, ошондой эле райондун билим берүү потенциалын чыңдоо боюнча жергиликтүү бийлик органдарына колдоо көрсөтүүгө багытталган.
Долбоордун алкагында Баткен районунун аймагындагы Суу-Башы айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бужум айылындагы балдар бакчасы, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы билим берүү мекемеси, Самаркандек айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчасы жана Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектеп, балдар бакчалары оңдоо-калыбына келтирүү иштери мерчемделүүдө.
Жолугушууда район акими Данир Иманалиев “Ага-Хан” фондуна колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип өттү.
Белгилей кетсек, аталган фонд Баткен районунун аймагында көп жылдардан бери өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет.
✍️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы
