Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Данир Иманалиев Самаркандек жана Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнүн тургундары менен жолугушту.
Жыйынга 2022 аскер бөлүгүнүн Командири, КАДАСТР Мамлекеттик ишканасынын Баткен райондук бөлүмүнүн, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн, Баткен райондор аралык эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлдөрү, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы,
Самаркандек, Ак-Татыр айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана тийиштүү жетекчилер, айыл тургундар1ы катышты.
Өткөрүлгөн жыйындын жүрүшүндө район жетекчилерине эл тарабынан көйгөйлүү маселелер айтылып, район акими Данир Иманалиев тийешелүү жетекчилерге маселелерди убагында чечүү боюнча тапшырмаларды берди. Ал эми кээ бир маселелерди жеринде чечүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлдү.
Ошондой эле жыйында элдер тарабынан турак жай, жол, суу, жайыт жана башка ушул сыяктуу маселелер көтөрүлүп, тийиштүү жетекчилер жооп беришти.
Андан сырткары район акими райондун аймагында жүрүп жаткан иштер туурасында айтып,
өлкөбүздө жүргүзүлүп жаткан реформалар, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун көйгөйлүү маселелерди чечкен жарлыктары, президент тарабынан аткарылып жаткан иштери жана чечимдери туурасында кенен маалымат берилип, айыл тургундарына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жыйындын соңунда айыл аксакалдары тарабынан район акимине ыраазычылыктар айтылып, мындан ары иштерине ийгиликтерди каалашты.
🖊️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.
