Баткен районунда массалык ишембилик өттү. Баткен районунун акими Данир Иманалиевдин тапшырмасына ылайык, айлана чөйрөнү тазалоо, көрктөндүрүү боюнча үч айлыгы жарыяланып, ага ылайык Баткен районунун аймагында массалык ишембилик өтүүдө. Бул күнү мекеме ишканалардын, 7 айыл өкмөтүн кызматкерлери айлана чөйрөнү таштандылардан тазалоо, арыктарды казуу,
бак дарактарды, имараттарды актап сырдоо, көчөт отургузуу жумуштарын аткарышты. Андан сырткары жашыл мурас өнөктүгүнүн алкагында бүгүн Баткен районунун аймагында арча жана тал, теректер отургузулду. Тактап айтсак жашыл мурас өнөктүгүнүн алкагында бүгүнкү күндө райондун аймагында 1100 даана ар түрдүү көчөттөр отургузулган.
Алдыда айлана чөйрөнү көрктөндүрүү иш чаралары үч ай бою, 1-июнга чейин уланат.
✍️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы.
