Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук прокуратурасынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары, мектеп директорлору, райондук мекеме ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен бекитилген “2025-2030-жылдарга коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегиясын” ишке ашырууга арналган жыйын болуп өттү.
Жыйында, аталган стратегиянын алкагында коррупцияны ооздуктоо боюнча мыйзамдарды жакшыртуу, мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу менен эффективдүү механизмдерди иштеп чыгуу, коррупциянын алдын алуу жана ага бөгөт коюу маселелери талкууланды.
Жыйын суроо талаптар менен уланып, райондук прокуратурасы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Мындан сырткары, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында мыйзамдарга киргизилген коррупция үчүн жоопкерчиликти катаалдантуу чаралары тууралуу өзгөртүүлөр талкууланды.
Учурда райондук прокуратурасы тарабынан мамлекеттик органдардын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.
✍️ Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы
