Мөмө жемиштерди сапаттуу сактап, экспортко чыгаруу үчүн 21 млн сомдон ашуун суммага ири соода-логистикалык борбор Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Жаңы-Жер айылында курулуп жатат.
Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков,
Баткен районунун акими Данир Иманалиевдер жеринде барып кабар алып келишти.
Жүзгө жакын адамды иш менен камсыз кылган логистикалык борбор 500 тоннага ылайыкташтырылып курулуп жатат.
Жылына миңден тоннага чейин мөмө жемиштерди сактаган райондогу эң ири логистикалык борбор болуп калмакчы.
Белгилей кетсек, мөмө жемишти сактоочу жай. 2024-жылы Өнүктүрүү фонду тарабынан 5млн 860 мин, айыл өкмөтү тарабынан 2 млн 161 миң жумшалды. Ал эми Койка тарабынан 14 млн сом жумшалган.
✍️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы
