Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Тажикстандын жана Өзбекстандын Вице-премьер-министрлери менен биргеликте үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын кесилишүү чекитинде стела салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди.
Салтанаттуу ачылышка
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Өзбек Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Тажик Республикасынын Президенти Имомали Рахмон Тажикстандын Худжанд шаарында туруп, ачылууга старт беришти.
Ынтымакты жана достукту чагылдырган салтанаттуу иш чарага Баткен районунун акими Данир Иманалиев баш болгон жетекчилер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, айыл өкмөттөрүнүн башчылары, үч өлкөнүн аксакалдары, жергиликтүү тургундары катышты. Белгилей кетсек, стела
Баткен районунун Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылындагы Кошмоло жерлигиндеги Өзбекстандын жана Тажикстандын чектешкен аймагында курулду.
✍️Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы
